Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат

Кыска кабар , Саясат | 26 Мар 2022 | 677 | 0

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Горький гүлбагында Украинаны колдоо акциясы өтүп жатат.

Иш-чара бир айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Акцияга 50дөн ашык адам катышып жатат. Арасында бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар бар.  Алар колдоруна «Согушка жол жок!», “Кыргызстан Украина менен”, “Жаша Украина” деген жазуусу бар плакаттарды жана Кыргызстан менен Украинанын желектерин кармап турушат.

Акциянын катышуучулары өлкөдө Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын көрсөтүүсүн токтотуу, Кыргызстан ЖККУ жана ЕАЭБ мүчөлүгүнөн чыгуусун талап кылышууда.

22-мартта Бишкекте ушул эле паркта Орусияны колдогондордун акциясы өткөн. Анда акцияга катышкандар Орусиянын “аскердик операциясын” колдой тургандыктарын билдиришкен.

Ага чейин орус элчилигинин алдына Украинаны колдоп чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетип, сот аларга айып пул салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM