Биз менен байланышыңыз

Өкмөт айыл чарба техникаларын сатып алууга дээрлик 200 миллион сом бөлөт

Кыска кабар , Экономика | 26 Мар 2022 | 876 | 0

Министрлер кабинети айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 миллион 390 миң сом өлчөмүндө насыя бөлүп берүү жөнүндө  тескеменин долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

25-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 13 маселе каралган.

Жыйында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Күрөө жөнүндө” долбоорун, ошону менен бирге республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 миллион 390 миң сом өлчөмүндө насыя бөлүп берүү жөнүндө Министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун карап, жактырышты.

Андан тышкары, Айыл чарба министрлиги “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун кароого койду.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле “2021-жылдын 16-ноябрындагы ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды”, — деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM