Биз менен байланышыңыз

Доллардын курсу 90 сомго түштү

Кыска кабар , Экономика | 26 Мар 2022 | 943 | 0

Кыргызстанда доллардын курсунун төмөндөшү уланууда. Апта башынан бери ал 8 сомго чейин арзандады.

Бүгүн, 26-мартка карата Кыргызстандын банктарында доллардын курсу 90-90,5 сомдон сатып алынып, 92-92,5 сомдон сатылууда.

Расмий курс Улуттук банк тарабынан 95,2404 сом деп белгиленген.

Орус рублинин курсу ошол эле бойдон калууда. 0,8-0,87 сомдон сатылып алынса, 1-1,05 сомдон сатылууда. Номиналдуу курс 0,9602 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM