Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Башкы штабы Украинанын жоготууларын ачыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 1751 | 0

Орусиянын Украинадагы «аскердик операциясы» башталгандан бери украин армиясынын жоготуулары 14 миңден ашуун адамды түздү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Орусиянын Башкы штабынын өкүлү Сергей Рудскойдун айтымында, бир ай ичиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында украин аскерлеринин жоготуулары 30 миңге жакын адамды түздү. Анын ичинде 14 миңден ашыгы курман болуп, 16 миңге жакыны жарадар болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги согуштук аракеттер башталгандан бери 261 украиналык учкучсуз учак, 204 зениттик-ракеталык комплекс, 1587 танк жана башка согуштук бронетехника, 163 MLRS, 636 талаа артиллериясы жана миномёту жок кылынганын кошумчалады.

12-мартта украин аскерлеринин жоготуулары боюнча Украина президенти Владимир Зеленскийдин маалыматында согуш аракеттери башталгандан бери 1,3 миң украин жоокери курман болгону айтылган.

Сергей Рудской Украинадагы аскердик «атайын операцияда» 1351 орусиялык аскер курман болуп, 3825и жарадар болгонун билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM