Биз менен байланышыңыз

Баткен: аткезчилик жол менен 2,5 млн сомдук дары-дармек ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 450 | 0

Баткен облусунда дээрлик 2,5 миллион сомдук аткезчилик жол менен дары-дармек жана мейиз ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын жерде «Мерседес-Бенц Спринтер 408» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, жүк салонунан жалпы салмагы 265 килограммды түзгөн мейиз, ошондой эле дары-дармектер табылган. Жүктүн жалпы салмагы 804 килограмм 500 граммды түзгөн. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 миллион 447 миң 936 сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген. Колго тушкөн  товарлар тергөөгө укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM