Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселелерин чагылдырган журналист Арзыгүл Галымбетова каза болду

Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 6450 | 0

АКИpress маалымат агенттигинин аймактык журналисти Арзыгүл Галымбетова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Түнү жүрөгү токтоп каза болгону айтылууда.

Арзыгүл Галымбетова өз кесибинин мыктыларынын бири катары, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан чек ара аймактарына биринчилерден болуп барып чагылдырган. Ал аймактагы чечилбей келе жаткан маселелерин, чек ара көйгөйлөрүн,  Баткендин жетишкендиктерин жазып келген.

Ал болгону 37 гана жашта болгон.

Maralfm.kg сайтынын жалпы жамааты Арзыгүл Галымбетованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM