Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Башкы штабы Украинада 1351 аскери каза болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 547 | 0

Украинадагы аскердик «атайын операцияда» 1351 орусиялык аскер курман болуп, 3825и жарадар болду. Бул тууралуу Орусиянын Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Сергей Рудской билдирди.

Рудскойдун айтымында, «атайын операциянын» биринчи этабы аяктап,  украин армиясынын потенциалы кыскарды. Эми Орусиянын куралдуу күчтөрү «Донбассты бошотууга» көңүл бурат.

Орус аскер командачылыгы Украинадагы “атайын операцияда” жоготуулар тууралуу экинчи жолу билдирүүдө. Биринчи жолу 2-мартта, Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков операция учурунда 498 аскер кызматкери каза болуп, 1597си жарадар болгонун билдирген.

Жоготуулар тууралуу маалыматка комментарий берип жатып, Рудской: «Мамлекет жоготууга учураган үй-бүлөлөрдү колдоого алат. Балдарын жогорку окуу жайга чейин тарбиялоо, кредиттерин толук төлөө, турак-жай маселесин чечүү боюнча бардык чечимдерди мойнуна алат», — деди.

Рудской ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрү «операциянын биринчи этабынын негизги милдеттерин аткарганын» билдирди. Анын айтымында, азыр “ЛЭРдин” «93% жана «ДЭРдин” 54% аймагы бошотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM