Биз менен байланышыңыз

Ошто 36 чет элдик жаранга 190 миң сом айып салынды

Коом , Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 689 | 0

Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-24-март күндөрү Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Нелегал» аталышындагы профилактикалык-рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 36 чет элдик жаранга миграциялык мыйзамдарды жана жүрүү эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз тартуу фактылары боюнча административдик протоколдор түзүлдү.

Жыйынтыгында 36 чет элдик жаранга 190 миң сом айып салынды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси “Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып өтүү” беренесинин негизинде үч факты аныкталып, анын ичинен 1 факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM