Биз менен байланышыңыз

Баткен: Айыл өкмөт кызматкерлери акчаны мыйзамсыз коротууга шектелүүдө

Кыска кабар , Саясат | 25 Мар 2022 | 463 | 0

Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана Акжол Абдуллаев Жаңы-Жер айыл аймагында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жана акчаны мыйзамсыз коротууга шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен облусунун прокуратурасы билдирди.

Билдирүүдө  айыл тургундары буга чейин бир нече ирет курулуш иштери боюнча кайрылуу жасашканы, ошол кайрылуулардын негизинде аудиттик текшерүү жүргүзүлгөнү айтылат.

«Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундары бир нече ирет кайрылуу жасашкан. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө арызда көрсөтүлгөн курулуш обьектилерин кандай сапатта жүргүзүлгөнү боюнча соттук курулуш экспертизалары жана акча каражаттары кандай иштетилгени боюнча аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында курулуш иштеринде жана акча каражаттарын иштетүүдө мыйзамсыз коротулган фактылар аныкталгандыктан 24-март, 2022-жылы аталган кылмыш иш боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери шектүү катары кармалышкан».

Ошону менен бирге ЖМКларда жарыяланып жаткан облус прокурорунун кийлигишүүсү бар деген шектенүүлөрдү жокко чыгарып, кылмышка карата тергөө аракеттери 2021-жылдын 26-августунда башталганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM