Connect with us

UFC мушкери Конор Макгрегор Дублинде камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 377 | 0

«Дублинде жол эрежесин бузду» деген айып менен ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Спортчуга айыбы угузулуп, үй камагына чыгарылды. Анын ордуна 170 миң евро турган Bentley унаасы барымтага алынды. Бул иш боюнча сот кийинки айда болору кабарланды.

Ирландияда жол эрежесин бузган айдоочулар 5 миң еврого чейин айып төлөйт же алты айга эркиндигинен ажырайт.

Эске салсак, 2017-жылы мушкер унааны катуу ылдамдыкта айдаганы үчүн 400 евро айыпка жыгылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM