АКШда мурдагы мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт 85 жашында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Мамлекет катчынын рак оорусунан каза тапканы белгилүү болду.
Мадлен Олбрайт 1937-жылы 15-майда Прагада төрөлгөн. 1948-жылы Чехословакиядагы төңкөрүштөн кийин үй-бүлөсү Колорадо штатынын Денвер шаарына көчүп келген. Мадлен 1957-жылы Американын жарандыгын алып, Уэллсли коллежин жана Колумбия университетин бүтүргөн.
1978-1981-жылдары АКШ Президентинин администрациясында жана Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген.
1993-жылы президент Билл Клинтон Олбрайтты АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү кылып дайындаган.
1997-2001-жылдары Билл Клинтондун тушунда мамлекеттик департаменттин жетекчиси — мамлекеттик катчы болуп иштеген.
Ал мамлекеттик катчы болуп турганда НАТОнун аймагын чыгышка карай кеңейтүүнү, 1999-жылы болгон Косово согушуна НАТОнун кийлигишүүсүн, климат боюнча Киото протоколун ишке ашырууну жактаган.