Connect with us

Жо Байден орус-украин маселесин талкуулоо үчүн Европага барды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 382 | 0

Жо Байден 23-мартта Европага сапарын баштады. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясы билдирди.

АКШ президенти бүгүн, 24-мартта Брюсселде өтө турган чукул саммитке катышып, Орусиянын Украинага чабуулуна каршы мындан аркы кадамдарды НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен биргеликте талкуулайт.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин саммиттин катышуучуларына видеобайланыш аркылуу кайрылуу жасары буга чейин кабарланган.

Ошондой эле Байден «Чоң жети» уюмунун жыйынына жана Евробиримдиктин саммитине да катышары белгилүү болду.

Андан тышкары 25-мартта Польшанын борбору Варшавага барат. 26-мартта бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугуп, коңшу Украинага аскердик жана гуманитардык жардам берүү маселесин карайт.

Эске салсак, 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Салгылаш ушул кезге дейре токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM