Биз менен байланышыңыз

Батыштын санкцияларына карата ЕАЭБде атайын план иштелип чыкты

Кыска кабар , Экономика | 23 Мар 2022 | 577 | 0

Батыштын жана АКШнын Орусияга салган санкцияларынын таасирине карата Евразия Экономикалык Биримдигинде мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин атайын комиссиясы түзүлүп, 4 багыт боюнча план бекитилди. Бул тууралуу экономика жана соода министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын пикиринде, Орусиянын мындай абалда калышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизүүдө. Мисалы, валютага жана азык-түлүккө коркунуч жаралды.

«ЕАЭБде атайын министрлердин кеңеши түзүлүп, иш-чаралардын планы бекитилди. Ал 4 сферага бөлүнгөн: соода боюнча тарифтик жана тарифтик эмес саясат, ички рыноктун кооперация жолдору, валюталык рынок, эл аралык деңгээлде башка өлкөлөр менен бирге көрүлө турган аракеттер. Ушул тармактар боюнча план түзүлгөн, кабыл алынды. Кооптуу жагдайларды жокко чыгаруу үчүн ушул чараларды ишке ашырабыз».

Аны менен бирге Алишеров планга Евразия экономикалык комиссиясында дары-дармекти каттоону жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM