Connect with us

Зеленский НАТОнун Брюсселдеги кезексиз саммитинде сүйлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 565 | 0

Эртең, 24-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде НАТОнун кезексиз саммитинде видеоконференция аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Сергей Никифоров билдиргенин Strana.ua. жазды.

«Саммитке биздин президент видеоформатта катышып, кайрылуу жасайт. Ал боюнча тактоо жүрүп жатат», — деген Никифоров.

Ошондой эле ал Зеленскийдин саммиттеги негизги темасы орус армиясынын согуштук аракеттерин токтотуу болорун да кошумчалаган.

«Согушту токтотуунун бир нече жолу бар. Маселен, Орусия үчүн аба мейкиндигин жабуу, Украинаны абадан коргонуу жана авиация менен камсыз кылуу», — дейт басма сөз катчы.

Буга чейин Зеленский Италиянын парламентинде сөз сүйлөп, депутаттарды орусиялык байларга катуу чараларды көрүүгө чакырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM