Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Ош» жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 169 | 0

«Бишкек-Ош» жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Чүй районундагы «Сосновка» постуна жана Жалал-Абад облусундагы «Чычкан» постуна атайын тапшырмалар берилди. Чектөөлөр күн ачылып, ашуулардагы жолдон тоң кеткенге чейин уланат.

«Учурда ашууларда кар жаап, борошо уруп жатат. Жол тазалоого атайын техника бөлүнүп, инерттүү материалдар себилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Жол кайгуул кызматы жеңил унаанын айдоочуларын жайкы дөңгөлөк менен жүрбөөгө, кар чынжырчасын алып жүрүүгө, тыгын болуп калган учурда каршы тилкеге ​​чыкпоого, атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпоого, 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM