Биз менен байланышыңыз

Жол кайгуул кызматы Боомдон, Төө-Ашуудан этият айдоону эскертти

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 307 | 0

Жол кайгуул кызматы айдоочуларга Боом капчыгайынан жана Төө-Ашуудан этият өтүүсүн эскертти.

Учурда кар айнекке чаба жаап, жолду көрүүгө тоскоолдук жаратууда. Ошол эле учурда тайгак да болууда.

Мындай учурлар кырсыктын көбөйүшүнө алып келүү ыктымалы бар. Андыктан айдоочуларды унааны абайлап, эреже сактап айдоого чакырат Жол кайгуул кызматы.

Ошондой эле жөө адамдарга айдоочулардын токтогонун текшерип, андан кийин гана атайын белги коюлган жерден өтүүнү эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM