Биз менен байланышыңыз

Отставкадагы полковник баңги аткезчилерин коргоого шектелүүдө

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 285 | 0

Мурдагы милиция кызматкери баңги аткезчилерин колдоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жарандары А.М.А., К.К.М. 11,51 кг салмактагы баңгизатты кыргыз-казак чек арасынан алып өтүү учурунда кармалышкан. Дагы бир шериги О.А.Ы. кылмыш болгон жерден качып кетип, кийинчерээк колго түшүрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө буларды милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. коргоп, чек арадан өткөрүп жүргөнү белгилүү болгон. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козголуп, кармалгандар Талас облустук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM