Connect with us

Кытайда кыйраган Boeing-737 учагынын жүргүнчүлөрү табыла элек

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 1018 | 0

Кытайдын түштүгүндө кыйраган Boeing-737 учагындагы жүргүнчүлөр табыла элек. Бул тууралуу 22-мартта Кытайдын борбордук телеканалы куткаруучуларга шилтеме берүү менен билдирди.

Куткаруучулар белгилегендей, лайнердин калдыктары табылган. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн кайда экени белгисиз.

Издөө иштери уланууда. Бирок кырдаал тоолуу рельефтен улам татаалдашып, аймак аркылуу өтүүгө кыйынчылык жаратууда.

21-мартта Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялуу районуна караштуу Учжоу шаарынын Тен округуна 133 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing-737 жүргүнчү учагы кулап түшкөн.

Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, MU5735 рейсиндеги учак Куньминден жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те учуп, Гуанчжоуга багыт алган. Учжоу аймагында саат 14:20 чамасында учак ылдамдыгын кескин азайтып, багытын жогото баштаган. Кийин радар экранынан көрүнбөй калган.

Кырсыктын себептеринин бири кыймылдаткычтын бузулушу деп айтылууда. Авиакомпания өзүнүн бардык Boeing-737-800 учактарынын каттамын токтотту.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM