Биз менен байланышыңыз

Кытайда 133 жүргүнчүсү менен учак кырсыкка учурады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2022 | 4721 | 0

China Eastern компаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы Кытайдын түштүгүндө кырсыкка учурады. Бул тууралуу 21-мартта Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялуу районуна караштуу Учжоу шаарынын Тен округуна 133 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы кулап түшкөн.

Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, MU5735 рейсиндеги учак Куньминден жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те учуп, Гуанчжоуга багыт алган. Учжоу аймагында саат 14:20 чамасында учак ылдамдыгын кескин азайтып, багытын жогото баштаган. Кийин радар экранынан көрүнбөй калган. Курман болгондордун саны белгисиз. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Ошондой эле маалымат каражаттары учак кулаган жерде токойдо өрт чыкканын жазып чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM