Биз менен байланышыңыз

Ооганстандын желегин талиптер өз кыймылынын желегине алмаштырышты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2022 | 572 | 0

Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылы өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүн мурдагы Ооганстандын үч түстүү желегинин ордуна кыймылдын ак желегин колдонууга милдеттендирди. Бул тууралуу талиптердин убактылуу Министрлер кабинетинин маалымат жана маданият министринин орун басары Ахмадулла Васик билдирди.

Каbul News ооган телеканалы “Талибан” жетекчилигинин мамлекеттик мекемелер үчүн желекти алмаштыруу буйругу болгонун ырастады. Телеканал буйрукта “бардык мамлекеттик мекемелердеги Ооганстандын мурдагы желегин “Афганистан ислам эмиратынын” желеги менен алмаштыруу зарылдыгы көрсөтүлгөнүн, ал жерде Шахаданын сөздөрү жазылган ак кездеме болгондугун белгиледи.

АКШ Ооганстандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү чечимин жарыялагандан кийин талиптер Ооганстанга көзөмөл орнотуу үчүн кеңири масштабдуу операциясын баштаган. 2021-жылдын 15-августунда талиптер Кабулга согушсуз кирип, ошол кездеги ооган президенти Ашраф Гани республикадан чыгып кеткен. 6-сентябрда талиптер Ооганстандын бүт аймагына көзөмөл орноткондугун, 7-сентябрда мыйзамдуулугун эч бир өлкө тааный элек убактылуу өкмөтүнүн курамын жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM