Биз менен байланышыңыз

БУУ: Украинадан 3.5 миллионго жакын адам чыгып кеткен

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2022 | 472 | 0

Украинада согуш аракеттери башталгандан бери өлкөдөн 3 миллион 389 миң 44 киши чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Польшага 2 миллиондон ашык адам, Венгрияга 305 миңден ашык, Словакияга 245 миң, Орусияга 184 миң адам, андан сырткары Молдовага, Румынияга, Беларусияга, Европа жана башка өлкөлөргө миңдеген адамдар чыгып кетишкен.

2021-жылы Украинанын калкы (Крымды кошпогондо) 2022-жылдын 1-январына карата 41 миллион 167,3 миң адамды түзгөн.

Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Владимир Путиндин аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр азырынча оң натыйжа бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM