Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Кумтөрдү иштетерибизге көпчүлүк күмөн санашкан, бирок…

Кыска кабар | 21 Мар 2022 | 996 | 1

“Кумтөр” кенине тышкы  башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 млн доллар болсо, өлкө жыл соңунда 220 млн доллар таза киреше менен чыкты.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өткөн Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасындагы куттукттоо сөзүндө билдирди.

Өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болду. Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы  башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 млн доллар болсо, жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыктык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул – элдин жеңиши! Кумтөр – Кыргыз Республикасына таандык! Бул тарыхый учур”, — деди Жапаров.

Ошону менен бирге, Акылбек Жапаров бюджетти быйыл – 400 млрд сомго, келерки жылы 500 млрд сомго жеткирүү максаты коюлгандыгын, бардык күч-аракет карыздарды төлөп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга жумшала тургандыгын кошумчалаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Айжамал

    21.03.2022 21:39

    Келээрки*

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM