Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Саясат | 21 Мар 2022 | 676 | 0

Кыргызстанга 2 күндүк иш сапары менен Сауд Аравия королдугунун тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд  келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташтыктын 30 жылдыгына арналган расмий сапардын алкагында, президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөргө басым жасоо менен кыргыз-сауд мамилесин кеңейтүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында мындан аркы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашат.

Бул эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташтык 1992-жылдын 19-октябрында башталган. Аталган өлкөгө элчи болуп быйыл январда мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM