Биз менен байланышыңыз

Президент Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү убада кылды

Кыска кабар , Саясат | 21 Мар 2022 | 693 | 0

Президент Садыр Жапаров Баткендеги чек ара маселесин чечүүгө убада берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-мартта Баткенде өтүп жаткан Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада, Баткен элин куттуктап жатып билдирди. Өз сөзүндө мамлекет башчы бул маселени кийинки муунга калтырбай турганын айтты:

Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз”.

 Баткен облусу Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан. Ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Чек ара такталбагандыгынан улам аймакта чыр-чатак көп катталат. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Баткенде мамлекет башчысынын катышуусунда Нооруз майрамын белгилөө алгачкы ирет өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM