Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы биринчи океанариум Ташкентте ачылды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2022 | 397 | 0

Ташкентте 20-мартта балыктын жүздөн ашык түрү жашаган Magic City оюн-зоок паркынын аймагында океанариум ачылды. Ал жоголгон Атлантида шаарынын стилинде салынган. Бул Борбор Азияда ачылган алгачкы океанариум болуп эсептелет.

Океанариум 20 метр узундуктагы суу астындагы туннель түрүндө курулган.  Бул коноктор менен балыктардын ортосундагы байланыштын жана сезимдин эффектин камсыз кылат.

Билет баасы балдар үчүн 75 000 сум  (болжол менен 700 сом) жана чоңдор үчүн 100 000 сумду (900 сом) түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM