Биз менен байланышыңыз

Финляндия бешинчи жолу «Дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү» аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 264 | 0

Финляндия бешинчи жылы катары менен «Дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү» аталды. Тиешелүү баа Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк бакыт» баяндамасында берилген.

Рейтингде Финляндия башка мамлекеттерден бир нече упай айырма менен алдыда экени белгиленген. Ошондой эле алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Израиль, Швеция, Жаңы Зеландия, Норвегия да кирген.

Изилдөө 146 өлкөгө жүргүзүлгөн. Орусия 80-орунга (2021-жылы 76-орунда болгон) түшүп калган. Ал эми Украина 98-орунга (былтыр 110-орун), Беларусь 65-орунга (былтыр 75-орун) көтөрүлгөн.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 40-орунду (былтыр 45-орун), Кыргызстан 64-орунду (былтыр 67-орун), Түркмөнстан 78-орунду (былтыр 97-орун) алган. Ошол эле учурда Өзбекстан 42-орундан 53-орунга, Тажикстан 78-орундан 83-орунга ылдыйлап кеткен.

World Happiness Report рейтинги 2012-жылдан бери жарыяланып келет. Аны түзүүдө изилдөөчүлөр ИДПнын жан башына үлүшү, социалдык колдоонун деңгээли, жаш узактыгы, жарандык эркиндиктин сакталышы, иш коопсуздугу, коррупциянын чеги сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде эл ичине сурамжылоо жүргүзүшөт.

Финляндия тургундарын бактылуу кылган факторлордун катарында элдин табиятка жакын экени, коопсуз жашоо чөйрөсү жана керектүү кызматтардын болушу көп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM