Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстанда биринчи жолу Азия Кубогуна тандап алуу оюндары өтөт

Кыска кабар , Спорт | 18 Мар 2022 | 367 | 0

Футзал боюнча Азия Кубогуна тандап алуу оюндары биринчи жолу Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Оюндар 1-15-апрелде өтүп, ага «А» тайпасындагы Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан жана Мальдив командалары катышат. Мындан тышкары «В» тайпасында жайгашкан Өзбекстан, Тажикстан, Непал жана Ооганстан курама командаларынын оюндары да Бишкекте ушул эле күндөрү болот.

Учурда футзал боюнча Кыргыз улуттук командасы Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат.

2022-жылдын 22-сентябрынан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына тайпада биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар жолдомо алат. Турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM