Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок бир топ татаал

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 330 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок татаал нукта экенин NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

«Сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда. Бирок бир топ татаал«, — деди Зеленский.

Украин лидери ар кандай куралдуу кагылышууну «сүйлөшүүлөр аркылуу токтотууга болорун» баса белгиледи.

Журналист Зеленскийден америкалык администрациянын, атап айтканда, АКШнын президенти Жо Байдендин Украинадагы окуялардын фонунда үчүнчү дүйнөлүк согуш оңой эле тутанышы мүмкүн деген кооптонуулары бар-жогун сурады.

«Эч ким билбейт, балким, ал башталгандыр. Эгер Украина кулап калса, мындай согуштун башталышынын ыктымалы канчалык? Муну айтуу абдан кыйын», — деп жооп берди ал.

«Биз 80 жыл мурун, экинчи дүйнөлүк согуш башталганда эле көргөнбүз. Эч ким согуш качан башталарын алдын ала айта алган эмес», — деп кошумчалады Зеленский.

Ал ошондой эле украин элин «жеңилгис» деп эсептей турганын жана чет элдик аскерлер «украиндердин кадыр-баркын жана өлкөсүнө болгон сүйүүсүн тартып алалбасын» билдирди.

Согуштук аракеттер башталгандан кийин орус жана украин тараптар 3 жолу жекеме-жеке жолугушкан, азыр сүйлөшүүлөр видеобайланыш аркылуу күн сайын уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM