Биз менен байланышыңыз

Орусияда «Инстаграмдын» аналогу ишке кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 306 | 0

Интернет-маркетолог Александр Зобов Instagramдын «Россграм» деп аталган орусиялык аналогун ишке киргизүүгө убада берди. Ал 28-мартта ачылып, катардагы колдонуучулар апрелдин ортосунан тарта кирүү мүмкүнчүлүгүн алат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«2022-жылдын 28-мартында Android жана iOS үчүн тааныш мобилдик тиркемелери бар Instagramдын орусиялык аналогу ишке киргизилет. Жалпы колдонуучулар апрель айында кире алат», — деп айтылат маалыматта.

«Россграм» колдонуучулар үчүн кошумча акча табуу функциясын да кошот. Контентте акы төлөнүүчү мүмкүнчүлүк, каражат чогултуу, жолдомо программасы жана башкалар көрсөтүлгөн.

Социалдык тармак Instagramдан маалыматтарды өткөрүүнүн үстүндө да иштеп жатат. Аналог ачылганда алгач эң мыкты блогерлер, демөөрчүлөр жана инвесторлор гана кире алат.

Белгилей кетсек, 14-марттан тарта Роскомнадзор Instagram социалдык тармагын колдонууга тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM