Биз менен байланышыңыз

Израилде коронавирустун жаңы түрү табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 200 | 0

Израилде чет өлкөдөн кайтып келген эки адамдан коронавирус инфекциясынын «стелс-омикрон»  (BA-2) деп аталган жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин WION маалымат порталы жазды.

Белгиленгендей, чет жактан келген экөө тең дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, ооруканага кайрылышкан. Анализдин жыйынтыгында коронавирустун жаңы штаммын жугузуп алышканы белгилүү болгон.

15-февралда даниялык илимпоздор SARS-CoV-2 «омикрон» штаммынын ORF3 белогунан жаңы кооптуу мутацияны табышкан. Ал H78Y деп аталып, клеткаларда сезгенүү реакциясын козгоору белгилүү болгон. Жаңы штам мурунку версияларына караганда эмдөөдөн өткөндөргө да жугушу мүмкүн.

Изриль Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөсүндө 6,7 млн жаран вакцинанын биринчи дозасын, 6,1 млн жаран экинчи дозасын, 4,4 млн жаран үчүнчү дозасын, 730 миң жаран төртүнчү дозасын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM