Биз менен байланышыңыз

Зеленский бүгүн АКШ Конгрессинде сөз сүйлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 1346 | 0

Бүгүн, 16-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ конгрессмендерине кайрылат. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жарыяланган видеокайрылуусунда билдирди.

«Украинанын бардык досторун Киевге келүүгө чакырам. Бул жерде кооптуу болушу мүмкүн, анткени биздин асман орусиялык ракеталардан жана учактардан али жабыла элек. Биздин арсеналыбызды абада чыңдоо чечими азырынча кабыл алына элек. Биз учактарды ала элекпиз. Бирок дүйнөнүн бардык адамдарынын көз карашы азыр так биздин борборго, украиндерге багытталган. Биз менен болгон ар бир адам ыраазычылык алат. Биздин эле эмес, башка улуттардын да», — деди ал.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага «аскердик операция» башталганын жарыялаган. Бул согуш ушул кезде да токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM