Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан: Сердар Бердымухамедовдун инаугурациясы 19-мартта өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 224 | 0

19-мартта Түркмөнстандын президентинин расмий ант берүү аземи Ашхабаддагы «Рухыет» сарайында болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылганын «Түркмөнстан бүгүн» мамлекеттик басылмасы жазды.

Салтанаттуу иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Эске салсак, Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышканы маалымдалган.

Шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Алардын ичинен учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта кабыл алган токтомго ылайык, Сердар  Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти деп таанылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM