Биз менен байланышыңыз

«Мета» компаниясына бойкот жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 312 | 0

«Орусиялыктарды басынтуу, четке сүрүү чакырыктарына жол бергени үчүн» деген кине койгон Instagram колдонуучулары Meta компаниясына бойкот жарыялап, атайын флешмоб башташты. Флешмобдун текстинде зордук-зомбулук маселесин дагы бир зомбулукка чакыруу менен чечүүгө болбосу жазылган.

«Бизге кошулуңуз. Бул постту бөлүшүңүз. #NoToMeta деп айт», — деген ураан ташташкан акция уюштуруучулар.

Белгилей кетсек,14-марттан тарта Роскомнадзор Instagram социалдык тармагын колдонууга тыюу салган. Буга «Метанын» Орусиянын жарандары үчүн жаңы редакциялык саясат киргизгени себеп болгон. Роскомнадзордун айтымында, «Инстаграмга» бөгөт коюу социалдык тармакта куугунтукка жана кемсинтүүгө кабылган орусиялыктардын психологиялык саламаттыгын камсыздайт.

Ошол эле учурда «Мета» Украинадагы «Инстаграм» жана «Фейсбук» колдонуучуларына Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын катышуучуларына зомбулук көрсөтүү чакырыгын жасоого уруксат берген. Ал «өзгөчө жана болуп көрбөгөндөй жагдайларда» көрүлгөн «убактылуу чара» деп аталган.

Кийинчерээк Meta компаниясынын вице-президенти Ник Клегг корпорация Facebook жана Instagram тармактарында мамлекет башчыларын өлтүрүүгө чакырган билдирүүлөргө тыюу салганын айтты. Ал кошумчалагандай, социалдык тармактардын жетекчилиги русофобияны колдобойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM