Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү болот

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 303 | 0

Бүгүн, 16-мартта Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланат. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

«Биз эртең да улантабыз. Абдан татаал сүйлөшүү болууда. Бул жерде принципиалдуу карама-каршылыктар бар. Бирок компромисске орун бар. Тыныгууда топтор арасында иш уланат», — деди ал.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч раунду Беларуста: 28-февралда Гомель облусунда, 3-мартта Беловежская Пущада, 7-мартта Брест облусунда өткөн.

Буга чейин, 14-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду видеоконференция аркылуу башталган. Ошол эле күнү тараптар шейшембиге чейин техникалык тыныгуу жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM