Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футболчу кыздары эл аралык турнирде коло байге алды

Кыска кабар , Спорт | 16 Мар 2022 | 413 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-18 Women’s Championship эл аралык турниринде коло байге алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Турнирде Ирандын курама командасы 9 упай менен биринчи орунга чыкты. Өзбекстан менен Кыргызстандын командаларынын упайлары 4-4 болуп, голдордун айырмачылыгына ылайык, экинчи орун Өзбекстанга берилди. Тажикстан төртүнчү орунга татыды.

Кыргызстандын футболчу кыздары башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетекчилиги алдында катышты.

Тажикстан менен Иран командаларынын беттешинде калыс болгон Малика Кадырова, Керемет Исмаилова атайын сыйлык алышты.

Турнирдин Fair play сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM