Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украинанын жыйыны уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 169 | 0

Бүгүн, 15-мартта орус-украин сүйлөшүүлөрү жанданганын Киев делегациясынын мүчөсү, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын башчысы Давид Арахамия «Украинская правдага» билдирди.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы Беларустун аймагында өттү: 28-февралда, 3-мартта жана 7-мартта .

Буга чейин, 10-мартта Түркияда Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын саммити өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында Кулеба тараптар ок атышпоо маселеси боюнча бир пикирге келе албаганын билдирген.

Лавров өз кезегинде украин өкүлдөрүнө Москванын кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштары мурда берилгенин, эми Киев жооп бериши керектигин баса белгилеген.

Кечээ, 14-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду видеоконференция аркылуу башталган. Ошол эле күнү тараптар шейшембиге чейин техникалык тыныгуу жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM