Биз менен байланышыңыз

ЕКПА Орусияны Европа Кеңешинен чыгарууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 229 | 0

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Саясий иштер жана демократия боюнча комитети Орусияны Европа Кеңешинен чыгарууну сунуштады. Кайрылуу бүгүн, 15-мартта ассамблеясынын добушуна коюлат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Ассамблея уюмга мүчө мамлекеттин макамына туура келбеген аракеттерди жасаганы үчүн Европа Кеңешинин Министрлер комитети Орусиянын мүчөлүктөн чыгуусун суранышы керек экенин айтат.

«Эгер Орусия өтүнүчтү аткарбаса, Ассамблея Министрлер комитетине Орусиянын Еврокеңешке мүчөлүгүн токтото турган датаны аныктап берет», — деп айтылат документте.

Мындан тышкары комитет Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) бюросуна ишмердиктин бардык багыты боюнча Беларусь бийлиги менен мамилени токтото турууну да сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM