Биз менен байланышыңыз

Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери кезексиз жыйын өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 186 | 0

Эртең, 16-мартта НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Брюсселде кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

«Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Брюсселге барат. Акар жыйындан тышкары эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.

Жыйында Украинадагы кырдаал талкууланып, Орусиянын «кол салуусуна» эл аралык-укуктук баа берилери белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM