Биз менен байланышыңыз

Батыш Орусиянын кайсы чийки заттарына муктаж? (экономисттин пикири)

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 180 | 0

Орусиянын экспортунда Батыш өндүрө албаган бир катар товарлар бар. Аларды импорттоодон баш тартуу өтө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу экономист Мария Максакова билдиргенин «Прайм» маалымат агенттиги жазды.

Экономисттин айтымында, маселен, Орусия жер семирткичти экспорттоодон баш тартса, Европа тургай, дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгы пайда болушу мүмкүн. Себеби Орусия жер семирткич өндүрүү боюнча алдыңкы 5 мамлекеттин бирине кирип, Европа бул товардын үчтөн экисин Орусиядан алат.

Ошол эле учурда Орусия никель, титан, палладий, алюминий сыяктуу металлдарга, чийки заттарга контрсанкция салып койсо, Европада автомобиль өнөр жайы кооптуу абалга кептелиши мүмкүн экенин белгилейт. Себеби дүйнө мамлекеттери никелдин 10-12%ын, титандын 13%ын, палладийдин 40%ын Орусиядан алат.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө Орусияга чектөөлөр киргенден тарта күйүүчү май тартыштыгы пайда болгонун да экономист кошумчалайт.

Ал эми Британияда жыгач отун жеткирүү токтогонуна байланыштуу энергетикалык кризиске дуушар болуп, баасы дээрлик 25-40%га өсүп, тоннасына 385 фунтка (506 доллар) жеткени айтылууда.

Европа жана Америка кайсы товарларынан баш тарта албасы, аларга санкция киргизүүдө кандай кооптуу жагдай жаралары боюнча эксперт Владислав Стрекопытов «РИА Новости» маалымат агенттигине макала жарыялаган.

Буга чейин АКШ бийлиги Орусияга киргизилген чектөөлөрдөн улам мунайзат өнүмдөрүнүн дүйнөдө тартыштыгынын алдын алуу үчүн эң ири мунай өндүрүүчүлөр Иран жана Венесуэла өлкөлөрүнө киргизилген санкцияларды алууну сунуштаган.

Учурда Орусиядан Батыштагы жана Чыгыш Азиядагы ири белгилүү бренддердин, ишканалардын филиалдары жабылып, өлкөдөн чыгып кетүүдө.  Бул Орусияда рублдин кунун түшүрүп, жумушсуздуктун көрсөткүчүн арттырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM