Биз менен байланышыңыз

Норвегия: УОК төрагасынын орун басары Орусияга кирген чектөөдөн улам кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 176 | 0

Норвегиянын Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Ойвинд Ваттердал Эл аралык Олимпиада комитетинин орусиялык жана белорусиялык спортчуларды эл аралык мелдештерден четтетүү чечимине байланыштуу кызматынан кетти.

«Бул чечим менин баалуулуктарыма жана спорт кандай болушу керектиги жөнүндөгү көз карашыма карама-каршы келет. Мен пенсияга чыгууну чечтим, анткени бул чечимге байланыштуу болгум келбейт», — деди Ваттердал.

Анын айтымында, кызматтан кетүү норвегиялык комитеттин абалын өзгөртпөйт. Бирок ал өз абийирине карап иш кылууну, муну менен кесиптештерин колдоону чечкен.

Ваттердал маселени талкуулоого чакырылбаганын, бирок спорт менен саясаттын аралашуусуна каршы экенин кошумчалады.

Буга чейин Беларустун пара-спортчулары Орусиядагы атаандаш оюндарга катышары маалымдалган. Турнирге Пекиндеги оюндардан четтетилген спортчулар барат. Мелдеш Ханты-Мансийск шаарында «Биз биргебиз» деген ураан алдында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM