Биз менен байланышыңыз

Орус-украин делегацияларынын жолугушуусунун 4-раунду өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 186 | 0

Украина президентинин аппарат башчысы Михаил Подоляк бүгүн, 14-мартта орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раунду болорун маалымдады. Ал онлайн форматта өтөт.

«Твиттердеги» видеокайрылуусунда Подоляк орус делегациясы менен сүйлөшүүлөр «бир нече мүнөттөн кийин» башталарын айтып, маек оор өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

«Биздин позициялар өзгөрүүсүз: тынчтык, токтоосуз ок атышпоо, бардык орус аскерлерин чыгарып кетүү. Ошондон кийин гана кандайдыр бир коңшулук мамилелер, саясий жөнгө салуулар тууралуу сүйлөшө алабыз», — деди ал.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч раунду Беларуста: 28-февралда Гомель облусунда, 3-мартта Беловежская Пущада, 7-мартта Брест облусунда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM