Биз менен байланышыңыз

Донецкте аза күтүү жарыяланат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 222 | 0

Украинанын Куралдуу күчтөрү (AFU) учурган «Точки-У» ракетасынын чачырандыларынан 16 жай тургун каза тапты. Мындан улам өзүн элдик республика деп жарыялаган,  жикчилдер ээлеген Донецк аймагында аза күтүү жарыяланат. Бул тууралуу Донецктин башчысы Денис Пушилин билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Саясатчы аза күтүү кайсы күнү жарыяланып, канчага созуларын тактаган жок. Ошол эле учурда ал мындай кадамга баруу чечимин «бул кылмыштын курмандыктарын жана жапайычылыкты эске алуу» катары түшүндүрдү.

Бүгүн, 14-мартта түштөн кийин Донецктин абадан коргонуу күчтөрү кассеталык бомба ташыган ракетаны көздөгөн жерине жеткирбей атып түшүргөн. Анын чачырандылары борбор калаадагы жай тургундарга тийген.

Пушилиндин айтымында, эгер ракета бутага тийген болсо, кыйратуу радиусу 500 метрге жетмек. Анда бир да жан тирүү калмак эмес.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Бул согуш ушул кезде да токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM