Биз менен байланышыңыз

Орусияда Instagramга кирүү чектелди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 461 | 0

Орусияда Instagram социалдык тармагына кирүү чектелди. Бул тууралуу «РИА Новости» сайты жазды.

Социалдык тармак 14-марттан баштап жабылды.

Жума күнү Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Роскомнадзор орусиялыктарга зордук-зомбулук көрсөтүү чакырыктарынан улам өлкөдө Instagramга кирүүнү чектеди. Мекеме 14-мартта саат 00:00дө Орусия Федерациясында Instagramга кирүүгө чектөө киргизүү процедурасын аяктай турганын маалымдады.

«Инстаграм социалдык тармагында орусиялыктарга каршы зордук-зомбулук аракеттерин жасоого үндөгөн чагымчыл билдирүүлөр таркап жатат. Буга байланыштуу Орусиянын Башкы прокуратурасы Роскомнадзордон бул социалдык тармакка чектөө киргизүүнү талап кылган», — деп түшүндүрдү департамент.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда Facebook тармагына кирүүгө бөгөт коюп, Твиттерге кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM