Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Акжол Асылбек уулу финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2022 | 420 | 0

Акжол Асылбек уулу Иорданияда өтүп жаткан бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу Sport АКИpress жазды.

57 кг салмакта рингге чыккан Акжол алгачкы беттешинде жергиликтүү мушкерди жеңген. Чейрек финалда ирандык спортчуну утуп, жарым финалда таиланддык спортчуну урушсуз эле жеңип алды.

Финалда өзбекстандык Бахтиёр Асадов менен беттешет.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасында биринчиликте Кыргызстандын дагы бир мушкери Бекзат Эргешов (48 кг) да финалга өттү. Ал индиялык Суреш Вишванат менен беттешет.

Азия чемпионаты бүгүн, 14-мартта жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM