Биз менен байланышыңыз

Казакстан Украинага гуманитардык жардам жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 187 | 0

Казакстан 14-15-мартта Украинага 28 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Алматы – Катовице (Польша) каттамы боюнча гуманитардык жүктөрдү учак менен жеткирүү маселеси иштелип чыкты. Украинанын жарандарына гуманитардык жардам Алматы шаарынын аэропортунан 14-15-мартта эки каттам менен жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт. Жалпысынан дары-дармектердин 17 түрү: антибиотиктер, сезгенүүгө каршы, жөтөлгө каршы жана гипертонияга каршы дарылар жөнөтүлөт.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Бул согуш ушул кезде да токтобой келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө боюнча аскердик абал киргизген.

Ошондой эле Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Мындай аракеттер БУУда жана дүйнөнүн көпчүлүк борборлорунда айыпталып, Орусияга каршы катаал санкциялар киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM