Биз менен байланышыңыз

«Орусия Европа менен АКШдан санкцияларды алып салышын суранбайт»

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 153 | 0

Москва Европа менен АКШдан санкцияларды алып салышын сурануудан баш тартат жана саясий багытын өзгөртпөйт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин «Известия» гезитине берген маегинде билдирди.

Ал санкциялар Орусиянын чечими эмес экенин баса белгиледи.

«Аларды АКШ сыяктуу, ачык айталы, Орусияга кысым көрсөтүүнү, биздин экономикабызды жана карапайым калкты абдан кыйын абалга алып келүүнү каалагандар тарабынан кабыл алынган», — деди Вершинин.

Анын айтымында, санкциялар Батыштын кысымынын куралы катары легитимсиз жана алар эч кандай жыйынтык бербейт.

«Биз бул санкциялардын алынышын талап кылбайбыз. Биз өзүбүздүн досторубузга жана пикирлештерге таянуу менен экономикабызды жана өз алдынча өнүгүү жөндөмүбүздү мындан ары да өнүктүрөбүз», — деди министрдин орун басары.

Буга чейин Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга киргизген санкциялар дароо натыйжа бере албасын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM