Биз менен байланышыңыз

Трамп кийинки президенттик шайлоого талапкер болорун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 204 | 0

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Түштүк Каролинадагы колдоо митингинде «Республика» партиясы кайрадан шайлоого катышууга даяр экенин, жакында Ак үйдү кайтарып ала турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Быйыл биз Өкүлдөр палатасын жана Сенатты кайтарып алганды пландап жатабыз. Ал эми 2024-жылы Ак үйдү кайтарып алабыз», — деди Трамп.

Трамп өткөн шайлоодо «эки жолу жеңгенин» жана «эми кайра талапкерлигин коюуга туура келиши мүмкүн» экенин белгиледи.

Келерки шайлоодо ар кандай бурмалоолорго жол берилбеши керектигин эскертти. Аны менен катар 2020-жылы президенттикке келгенин, бирок «ар кандай бурмалоолордон улам четтетилип калганын» кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Трамп азыркы президент Жо Байденди жана НАТОну «Украинанын колтугуна суу бүркүп жатат» деп айыптаган. Трамп ошондой эле дүйнө эли Американы барктабай калды деп эсептейт.

Айта кетсек, ушул жылдын 8-ноябрында АКШда парламенттик шайлоо өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM