Connect with us

Кыргызстан кайсы продуктуларды жана кайдан импорттойт?

Кыска кабар | 12 Мар 2022 | 420 | 0

Маалымат жыйынында КР Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан кайсы продуктуларды жана кайдан импорттой турганын айтты.

Алсак, Кыргызстан буудай үрөнүн, жумуртканы Россия менен Казакстандан, канаттуулар этин Казакстан, Россия, АКШ, Кытай, Беларусь, Украина жана Канададан ташыса, өсүмдүк майын Беларусь, Россия жана Украинадан, ал эми балыкты Россиядан импорттойт.

Белгилегендей, өлкөдө акыркы жылдары балык чарбасы жигердүү өнүгүп жатат, ошондуктан балык өстүрүү чарбаларынын саны жыл сайын өсүүдө жана министрлик бул демилгени колдоорун билдирди.

ЕАЭБ алкагында бир катар продукцияларды Россиядан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу биз эч кандай кооптонууну көргөн жокпуз. Азырынча экспорттун башка булактарын издөөнүн кереги жок”, — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM