Биз менен байланышыңыз

Visa жана Mastercard Орусияда ишин токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 227 | 0

Бүгүн, 10-марттан тарта эл аралык Visa жана Mastercard төлөм системалары Орусияда ишин токтотту. Орусиянын банктарына ыңгайлашкан бул төлөм системалары өлкө аймагында мурдагыдай эле иштей берет, бирок чет өлкөдө колдонулбайт.

Мындан тышкары Visa жана Mastercard карталары аркылуу чет өлкөлүк интернет дүкөндөрүнөн сатып алуулар жүргүзүлбөйт, Apple Pay жана Google Pay кызматтарын алуудан ажыратылат.

Бул эл аралык төлөм системаларынан тышкары Жапониянын JCB системасы да Орусияда өз ишин токтотконун жарыялады. Жапон басылмасы «Никкэй» Орусияда чыгарылган JCB карталары чет өлкөдө, ал эми чет өлкөлөрдө чыгарылган карталар Орусияда колдоого алынбай турганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, бул чаралар 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM