Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери жеңди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 160 | 0

Түштүк Кореяда президенттик шайлоодо оппозициялык «Жарандык күч» партиясынын талапкери жеңишке жетти. «Синьхуа» агенттигинин маалыматына ылайык, Юн Сок Ель шайлоочулардын 48,56%ынын добушун алган.

Анын негизги атаандашы, демократиялык «Тобуро» башкаруучу партиясынан талапкер Ли Чже Мен 47,83% добуш, дагы бир талапкер Сим Санг Чжон 2,37% добуш алган. Добуш берүүгө шайлоочулардын 77,1%ы келген.

Кечээ, 9-мартта Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өттү. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дөн 18:00гө чейин негизги шайлоочулар үчүн, 18:00дөн 19:30га чейин коронавируска чалдыккан жана карантинге алынган жарандар үчүн ачык болгон. Ал эми шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү 4-5-мартта өтүп, ага арыз бергендердин 36,9%ы катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM